61 жаштагя аял сулуулук ханышасы аталды

61 жаштагя аял сулуулук ханышасы аталды. Америкалык Кентукки штатынын тургуну Карен Рассел жергиликтүү сулуулук сынагына катышты. Муну менен ал небересине жаш курак – жөн гана сандар экенин тастыктагысы келген.   Ал максатына жетти – Карен Рассел сынакты жеңип чыкты. Ал эми анын атаандаштары аялдан дээрлик… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 78, Ошто 38, Чүйдө 63, Таласта 6, Нарында 4, Ысык-Көлдө 39, Жалал-Абадда 9, Баткенде 24 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 73 миң 561ди түздү.

Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгаруу менен бюджетти 10 миллиард сомго толуктады

Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгаруу менен бюджетти 10 миллиард сомго толуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Эң кирешелүү деп 12 айга жайгаштыруу мөөнөтү менен кагаздар табылды.   Алар бюджетке дээрлик 800 миллион сом алып келди. Ал эми 6 айлыктардан 20 миллион түшсө, 3 айлыктардан… Кененирээк…

Жыргалаң шахтасынын аймагында бир адам кырсыктан каза болду

Ысык-Көл облусунда бир адам бөөдө кырсыктан каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 22-декабрдын кечинде Ак-Суу районунда жайгашкан Жыргалаң шахтасында болгон.   Бак кыйып жаткан учурда 34 жаштагы адамды карагай басып калган. Жерине тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып,… Кененирээк…

Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук маселеси талкууланат

Бишкекте 23-декабрда экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик стратегиянын аткарылышы талкууга алынат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендей, талкууга тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, экологдар чакырылган.   Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын… Кененирээк…

Лионель Месси бир футбол клубу үчүн гол киргизүү боюнча рекорд койду

Лионель Месси бир футбол клубу үчүн гол киргизүү боюнча рекорд койду.   Аргентиналык чабуулчу “Барселона” клубунда өзүнүн 644-голун киргизди. Муну менен ал буга чейинки рекордчу Пелени артта калтырды.

Баткенде шахта урап, бир адам дайынсыз болууда

Баткенде шахта урап, бир адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кечээ катталды.   Жеринде 16 куткаруучу, Тез жардам кызматы, милиция экипажы жана 20 жумушчу иштеди. Шахтада иштеп жаткандардын бири табыла элек. Издөө уланууда.

6 спортчуга “Кыргызстандын спорт чебери” наамы ыйгарылды

6 спортчуга “Кыргызстандын спорт чебери” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.   Көптөн күткөн күбөлүктөрдү грек-рим күрөшү, спорт самбосу, сууда сүзүү, найза сайышуу жана алыш күрөшү боюнча спортчулар алды.

Ош шаарында жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 700 миң сом жумшалды

Ош шаарында жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 700 миң сом жумшалды. Бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Белгилеп кетсек, буга чейин түштүк калаада жаңы жылды майрамдоого каражат бөлүнбөй турганы айтылган.   Бирок жасалгалоо иштерине тендер жарыяланган. Ошто башкы балатынын оту 25-декабрда жанат.

Ош облусунун Араван районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Араван районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүүчү мекеме Койчубаев айылында пайда болот.   Бүгүнкү күндө курулуш 75 пайызга аяктап калды. Объект Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 980 миң доллардан ашык бөлүнгөн. Мектеп кийинки жылы колдонууга берилет… Кененирээк…