“Достук” кыргыз-түрк ооруканасы пандемия аяктагандан кийин расмий ачылат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдирди.
Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана 150 кишиге эсептелген.
Бирок коронавирус күч алган кезде оорукана вируска кабылгандарды дарылоо максатында убактылуу колдонууга берилген.