Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери шайлоо тилкелерин текшерип жатат.
Иштер Нарын облусунда башталды. Тилке мүчөлөрүнө оозеки түрдө өрт коопсуздугу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү алдын-алуу иш-чаралары республиканын
бардык шайлоо тилкелеринде өтөт. Өзгөчө көңүл алыскы райондорго жана айылдарга бөлүнөт.