Форма №2 жоюлгандан кийин шайлоочулардын саны дээрлик 22 миң адамга кыскарды.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, кыскаруулар Бишкектин жана
Чүй облусунун райондоруна туура келет. Ал эми жалпысынан шайлоого добуш берүү үчүн
3 миллион 544 миң адам каттоого алынды. Шайлдабекова белгилегендей, жарандар
бир гана жашаган жеринен добуш бере алат, көрсөтүлгөн дарек паспорттогусу менен
дал келиши шарт. Эске салсак, форма №2 бир катар мыйзам бузуу фактыларынан кийин жоюлду.