Кыргызстанда баланы өнүктүрүүчү 50 борбор пайда болот.
Тиешелүү жарлыкка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.
Борборлор китепканалардын базасында ачылат. Мындай чечим мектепке чейинки
билим берүү шартын кеңейтүү үчүн кабыл алынды. Билим берүү жана окуп-таануу сабактары
“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” мамлекеттик стандартына туура келет.