Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жай Өзбекстандын каржылык колдоосу менен курулду.

 

Тез курулуучу долбоор менен ишке ашкан оорукана коронавирус инфекциясы жуккандарды дарылоого ыңгайлаштырып, заманбап үлгүдө салынды.  Германиянын техникалык жабдуулары менен камсыздалды. Имарат эки корпустан турат.