Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйө баштады

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйө баштады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей,  бүгүн вирус 116 адамдан аныкталды.

Бул көрсөткүч акыркы күндөргө салыштырмалуу көп. Буга чейин ооруну жуктургандардын

саны 60тан ашкан эмес. Белгилеп кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери  ковид

жуктуруп алгандардын расмий саны 84 миң 762ге жетти. Анын 1 миң 415и каза тапты.

Ал эми 81 миң 232си сакайды