Алексей Навальный 3,5 жылга камакка алынды

Россиялык оппозиционер Алексей Навальныйга карата Москва шаардык сотунун өкүмү чыкты.

Сот аны 3,5 жылга камакка алууну чечкен.

2-февралда кечки саат 20:00де өкүм окулуп, Навальный жалпы режимдеги абакка жөнөтүлгөн.

Ага карата камакта калтыруу баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Бул иш жаңы тергелип баштаганда

Навальный үй камагында болгон убакыт да эсептелип, ал болжол менен 10 айга жете турганы айтылды.

Бул убакыт жалпы жазадан кемитилет. Алексей Навальный менен агасы Олег Навальныйга карата

тергөө иштери Тергөө комитети тарабынан 2012-жылы «Ив Роше Восток» компаниясынын

башкы директорунун арызынын негизинде башталган болчу.