Өзбекстанда таштан кагаз өндүрүлөт

Өзбекстанда таштан кагаз өндүрүлөт. Бул жерде кытай технологиялары менен иштеген жаңы фабрика ачылды. Таштан жасалган кагаз экологияга зыян келтирбейт. Суу дагы колдонулбайт, демек чыгымдар аз болот.   Анын үстүнө, таштан жасалган кагаз бышык келет. Фабриканын пландалган кубаттуулугу – жылына 9 миң тонна кагаз өндүрүү.

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, кечки 8ге чейин суу Панфилов, Горький, Лев Толстой, Керимбеков, Исанов, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана Чыңгыз Айтматов проспектинде өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанга Кытайдан товарлар менен поезд келди

Кыргызстанга Кытайдан товарлар менен поезд келди. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун айтымында, 47 вагон контейнерлерде бизнесмен жана соодагерлерге товарлар жеткирилди.   Бир жыл бою ишкерлерде Кытайдан Кыргызстанга товар алып келүү боюнча маселелер жаралып келген. Бул жаатта чоң иштер жасалып, эки өлкө ортосунда айына 100 контейнер жеткирүү… Кененирээк…

Бишкекте 1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылышы мүмкүн, бирок бир шарты менен

Бишкекте 1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылышы мүмкүн, бирок бир шарты менен. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады.   Анын айтымында, коронавируска кабылуу көрсөткүчү жогорулабаса, бардык билим берүү мекемелери ачылат. Эске салсак, учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстардын окуучулары мектепке келип окуп жатат. Калган… Кененирээк…

Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды

Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.  Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.   Акылбеков жеке юридикалык жана финансылык компаниянын директору болгон. 2012-жылы Биринчи май райондук акиминин орун басары болуп иштеген. Буга чейинки вице-мэр Азиз… Кененирээк…

Түштүк Кореяда  мышык менен иттер коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрүлөт

Түштүк Кореяда  мышык менен иттер коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрүлөт. COVID-19га каршы тестти ветеринардык дарыгерлер мобилдик тобу жүргүзөт.   Текшерүүдөн жөтөл, температура, көз жашы аккан сыяктуу белгилери бар мышыктар менен иттер гана өткөрүлөт. Эгер үй жаныбарынын коронавирус менен ооругандыгы тастыкталса, аны ээсинин үйүндө… Кененирээк…