Кыргызстанга Кытайдан товарлар менен поезд келди

Кыргызстанга Кытайдан товарлар менен поезд келди. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун айтымында, 47 вагон контейнерлерде бизнесмен жана соодагерлерге товарлар жеткирилди.

 

Бир жыл бою ишкерлерде Кытайдан Кыргызстанга товар алып келүү боюнча маселелер жаралып келген. Бул жаатта чоң иштер жасалып, эки өлкө ортосунда айына 100 контейнер жеткирүү боюнча макулдашуу жетишилди. Новиков белгилегендей, жүктүн санын көбөйтүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр уланат.