Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды.
Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Акылбеков жеке юридикалык жана финансылык компаниянын директору болгон. 2012-жылы Биринчи май райондук акиминин орун басары болуп иштеген. Буга чейинки вице-мэр Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан кечээ бошотулду.