Мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чен төмөндөтүлөт
Мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чен төмөндөтүлөт. Компаниядан билдиришкендей, жеңилдиктер 15-февралдан тартып берилет. Бир пайыздык төмөндөтүүлөр 2019-жылдын 1-ноябрына чейин насыя алгандарга тиешелүү болот. Тагыраагы, жылдык чен 7-9 пайыздан 6-8 пайызга арзандайт. Төмөндөтүүлөр насыя алган адамдын баштапкы берген суммасына жараша болот.