Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, кечки 8ге чейин суу Панфилов, Горький, Лев Толстой, Керимбеков, Исанов, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана Чыңгыз Айтматов проспектинде өчүрүлөт.

 

Убактылуу чектөөлөр суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.