Түштүк Кореяда  мышык менен иттер коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрүлөт

Түштүк Кореяда  мышык менен иттер коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрүлөт. COVID-19га каршы тестти ветеринардык дарыгерлер мобилдик тобу жүргүзөт.

 

Текшерүүдөн жөтөл, температура, көз жашы аккан сыяктуу белгилери бар мышыктар менен иттер гана өткөрүлөт. Эгер үй жаныбарынын коронавирус менен ооругандыгы тастыкталса, аны ээсинин үйүндө же атайын мекемеде 14 күн карантинге алуу керек.