Президент Садыр Жапаров Казакстандын Нур-Султан шаарына мамлекеттик иш сапар менен барды.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей,
Жапаровду аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди,
энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,
өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулайт.
Казакстандын мурдагы пезиденти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин,
мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу дагы белгиленген.
Бул — 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары.
Буга чейин ал Россияга алгачкы иш сапар менен барып келген.