Уинстон Черчилл тарткан сүрөт 11,5 миллион долларга сатылды.
“Кристис” аукцион үйү билдиргендей, аукциондо коюлган баштапкы баа 3,5 миллион доллар болду.
Сүрөттү сатыкка Анджелина Джоли койду. «Кутубия мечитинин мунарасы» – аталышындагы
сүрөт мындан 78 жыл мурда тартылган. Белгилеп кетсек, Британиянын мурдагы өкмөт башчысы
Уинстон Черчилль кырк жаштан өткөндөн кийин сүрөтчүлүккө кызыгып, 540 картина жараткан.