Бишкекте 2 жылдан кийин алгачкы ирет футбол беттештери өтөт

Бишкекте 2 жылдан кийин алгачкы ирет футбол беттештери өтөт.

«АФК кубогу — 2021» мелдешинин тайпалык оюндары май айында уюштурулат.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, конфедерациянын чечимине ылайык,

чүчү кулактын жыйынтыгы менен «Дордой» клубу Тажикстандын «Равшан» жана

Түркмөнстандын «Ахал» клубдары менен ойнойт. Ал эми «Алай» курамасынын

беттештери Душанбе шаарына белгиленгенди. Оштун командасы Тажикстандын

«Худжанд», Түкмөнстандын «Алтын Асыр» жана Өзбекстандын командасы менен таймашат.