Бишкекте аба-ырайы 6-марттан тартып турукташат

Бишкекте аба-ырайы 6-марттан тартып турукташат. Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн ордо калаада кар аралаш жаан жаап, суук болот, абанын табы +1 градустан көтөрүлбөйт. Бирок эртең кайрадан күн чыгып, +12ге чейин жылыйт. Ал эми жумада кайрадан суук болуп, кар аралаш жаан жаайт. Бирок температура күндүз жана түнкүсүн дагы… Кененирээк…

Аялдар 8-мартта кандай белектерди күтөөрү белгилүү болду

Аялдар 8-мартта кандай белектерди күтөөрү белгилүү болду. Жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, айымдардын 38 пайызы белекке зер жасалгаларды алууну самашат. Ал эми косметика жана парфюмерияны тандагандар 30 пайызды түзөт. 27 пайызы өздөрү тандоону каалайт, тагыраагы белек сертификатын алууну туура көрүшөт. Ал эми мырзалардын 44 пайызы сүйүктүүлөрүнө парфюмерия… Кененирээк…

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы Улуттук китепканага акысыз кире алышат

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы Улуттук китепканага акысыз кире алышат. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, бул, өлкөдө туруктуу жана убактылуу жашаган кыргыз жарандарына тиешелүү.  Китепкана Бештепе районунда жайгашкан Президенттик комплекстин бир бөлүгү. Анын коллекциясында 4 миллион басылма жана электрондук китеп, макала, кол жазма жана эски документтер бар. Ошондой… Кененирээк…

Бишкекте 9-марттан тартып бала бакчалар ачылат

Бишкекте 9-марттан тартып бала бакчалар ачылат. Мэриядан билдиришкендей, шейшембиден тарта мектепке чейинки даярдоо мекемелерине жогорку жана даярдоо топторундагы балдар бара баштайт. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте кабыл алынат. Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланат. Бакчаларда санитардык нормалар толук сакталышы… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы ирет дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын рейтингтик чемпионаты өтөт

Кыргызстанда алгачкы ирет дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын рейтингтик чемпионаты өтөт. Турнир 6-апрелден 9уна чейин Бишкектеги дене тарбия — ден-соолукчу чыңдоочу комплексинде өтөт. Мелдешке Азия жана Океаниянын 30 өлкөсүнөн 500 спортчу катышат. Спорттук иш-чара дзюдо федерациясынын алгоритмине ылайык өткөрүлөт. Оюндар түз алып көрсөтүлөт. Ошондой эле… Кененирээк…

Өкмөт 730 миң жарандын насыясынын пайызын төлөп берди

Өкмөт 730 миң жарандын насыясынын пайызын төлөп берди. Кеп, 100 миң сомго чейин насыя алгандар тууралуу болуп жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул максатта 526 миллион сом каржы-насыя уюмдарына төлөндү. Мамлекеттик колдоонун алкагында былтыр декабрда бюджеттен 286 миллион сом, быйыл январда 240 миллион сом… Кененирээк…

9-марттан тартып ордо калаа мектептеринде 2-3-4-класстын окуучулары салттуу режимде окууга кайтат

9-марттан тартып ордо калаа мектептеринде 2-3-4-класстын окуучулары салттуу режимде окууга кайтат. Сабактар тайпаларга бөлүнбөстөн, 40-45 мүнөттөн өтүлөт.  Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин бардык окуучулар парталарга кайтарылат. Учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстын гана окуучулары салттуу негизде билим алып жатат.

Кыргызстанда дагы 49 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 49 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкекте – 17, Ошто – 5, Чүйдө – 12, Нарын жана Таласта 3төн, Ысык-Көлдө – 9. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия башталгандан бери 83 миң 318 адам ковиди жеңип чыкты.

Психологдор 8-мартка карата аялдарга берилген эң начар белектерди аташты

Психологдор 8-мартка карата аялдарга берилген эң начар белектерди аташты. Эксперттердин айтымында, барынан баналдуу деп таттуулар эсептелет. Учурда заманбап кыздар мүчөсүнө өзгөчө көңүл буруп, сергек жашоо орбазын тандашат. Андыктан, таттуунун баасы канчалык кымбат болбосун анын ордуна башка варианттарды тапса болот. Ошондой эле керексиз сувенирлерди, жумшак оюнчуктарды,… Кененирээк…

Бишкекте 3 медициналык мекеме пайда болот

Бишкекте 3 медициналык мекеме пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, алар, Ак-Өргө кошундагы тез жардам подстанциясы, учурда имараттын пайдубалы түптөлүп, дубалы тургузулууда. Кийинкиси Бака-Ата конушундагы фельдшердик акушердик түйүн. Андан 5 миңден ашык тургун жардам ала алат. Ошондой эле №6 шаардык клиникалык ооруканага кошумча корпус курулушу күтүлүүдө. Долбоорлорду… Кененирээк…