Кыргызстанда алгачкы ирет дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын рейтингтик чемпионаты өтөт.
Турнир 6-апрелден 9уна чейин Бишкектеги дене тарбия — ден-соолукчу чыңдоочу комплексинде өтөт.
Мелдешке Азия жана Океаниянын 30 өлкөсүнөн 500 спортчу катышат. Спорттук иш-чара дзюдо
федерациясынын алгоритмине ылайык өткөрүлөт. Оюндар түз алып көрсөтүлөт.
Ошондой эле Бишкекте фан зона уюштурулат.