Өкмөт 730 миң жарандын насыясынын пайызын төлөп берди

Өкмөт 730 миң жарандын насыясынын пайызын төлөп берди.

Кеп, 100 миң сомго чейин насыя алгандар тууралуу болуп жатат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул максатта

526 миллион сом каржы-насыя уюмдарына төлөндү.

Мамлекеттик колдоонун алкагында былтыр декабрда бюджеттен

286 миллион сом, быйыл январда 240 миллион сом бөлүнгөн.

Эми февралдагы үстөк пайыз мартта төлөнөт. Белгилеп кетсек,

мамлекет мындай жеңилдикти пандемиядан улам социалдык-экономикалык

кыйынчылыкка кабылган жарандарга көрсөтүп жатат.