Маданият – Жалал-Абад унаа жолунда жер тегиздөө жумуштары башталды

Маданият – Жалал-Абад унаа жолунда жер тегиздөө жумуштары башталды. 24 агенттигине Унаа жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда аба-ырайынын шарттары жакшырып, асфальт төшөөгө даярдык көрүлүп жатат. Белгилеп кетсек, трассанын 16 чакырымы даяр. Жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды түзөт. Андан тышкары, калк жашаган түйүндөрдө 8 көпүрө, 118 ар… Кененирээк…

Ордо калаада электр тармактарын оңдоо уланууда

Ордо калаада электр тармактарын оңдоо уланууда. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, андан улам, бүгүн айрым аймактарда жарык жок болот. Кечки саат 5ке чейин Дэн Сяопин, Шайыр, Саратов, Баетов, Ахунбаев Кең-Суу, Ак-Тан, Безымянный, Чуй, Фрунзе, Суюмбаев, Огонбаев, Төрөкул Айтматов, Иманалиев жана Подгорный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, 9-кичирайондо, Арча-Бешик… Кененирээк…

Мусулман зыяратчылары чоң жана кичи ажылык кылуу үчүн ыйык Мекке жана Мединага бара алышат

Мусулман зыяратчылары чоң жана кичи ажылык кылуу үчүн ыйык Мекке жана Мединага бара алышат Бирок бир гана шарт менен. Коронавируска каршы вакцинациядан өткөндөн кийин. Мындай чечимди Сауд Арабия бийлиги кабыл алды. Бул ирет чоң ажылык июль айынын экинчи жарымына туура келет. Былтыр пандемиядан улам ага… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120 борбор уюштурулат

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120 борбор уюштурулат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, сынак 17-майдан 23үнө чейин өтөт. Негизги жана предметтик тесттин баасы 370 сом. Учурда абитуриенттерди каттоо жүрүп жатат. Ал ведомствонун сайтында онлайн форматында 9-апрелге чейин уланат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Бирдиктүү чечим кечээ өткөн жыйында кабыл алынды. Регламентке ылайык, эми Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралат.

Өкмөт Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салды

Өкмөт Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бийлик мындай чара аркылуу өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгын жоюу ниетинде. Белгилеп кетсек, жыл башынан тартып өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттап жатат. Баалардын жогорулашына Россиядагы өндүрүш заводдорунда кое берилген баалардын көтөрүлгөнү себеп. Алсак, андан келген… Кененирээк…

Финляндияда электроэнергиясына каражат төлөбөй турган турак жайлар пайда болууда

Финляндияда электроэнергиясына каражат төлөбөй турган турак жайлар пайда болууда. Имараттарга атайын жабдуулар орнотулган, алар шамалдын, күндүн жана жердин кубатынан электроэнергия жана жылуулук өндүрүлөт. Мындай система сыноодон өттү, эми ал жашоочулардын муктаждыгын толук камсыздай алат жана жарык үчүн эсеп дүмүрчөгү келбей, чыгымдар азаят.

Өкмөт дары-дармектин баасын жеке көзөмөлүнө алат

Өкмөт дары-дармектин баасын жеке көзөмөлүнө алат. Премьер-министр Улукбек Мариповдун айтымында, учурда препараттардын айрым түрлөрүнүн кымбаттаганы байкалууда. Андан улам тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде бааларды көзөмөлдөп, механизмдерди сунуштап, фармацевтика өкүлдөрү менен иштешүү тапшырмасы берилди. Эске салсак, былтыр июнь-июль айларында республикада дары-дармек тартыш болуп, наркы кескин… Кененирээк…

61 партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин сунуштады

61 партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин сунуштады. БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын 27 саясий уюму Бишкекке туура келет. Ордо калаада 45 депутаттык мандат үчүн 2 миң 12 талапкер ат салышууда. Календарлык планга ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады. Ал эми… Кененирээк…