9-марттан тартып ордо калаа мектептеринде 2-3-4-класстын окуучулары салттуу режимде окууга кайтат.
Сабактар тайпаларга бөлүнбөстөн, 40-45 мүнөттөн өтүлөт. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти.
Андан белгилешкендей, эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин бардык окуучулар парталарга кайтарылат.
Учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстын гана окуучулары салттуу негизде билим алып жатат.