Бишкекте 9-марттан тартып бала бакчалар ачылат

Бишкекте 9-марттан тартып бала бакчалар ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, шейшембиден тарта мектепке чейинки

даярдоо мекемелерине жогорку жана даярдоо топторундагы балдар бара баштайт.

Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте кабыл алынат.

Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланат. Бакчаларда санитардык

нормалар толук сакталышы зарыл. Эске салсак, ордо калаадагы бакчалар былтыр мартта жабылган.