Маданият – Жалал-Абад унаа жолунда жер тегиздөө жумуштары башталды.
24 агенттигине Унаа жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда аба-ырайынын шарттары жакшырып,
асфальт төшөөгө даярдык көрүлүп жатат. Белгилеп кетсек, трассанын 16 чакырымы даяр.
Жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды түзөт. Андан тышкары, калк жашаган түйүндөрдө 8 көпүрө,
118 ар кандай курулуштар, унаа токтотуучу жайлар, тротуарлар жана аялдамалар курулат.
Долбоор кийинки жылы аяктайт.