61 партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин сунуштады.
БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын 27 саясий уюму Бишкекке туура келет.
Ордо калаада 45 депутаттык мандат үчүн 2 миң 12 талапкер ат салышууда. Календарлык планга ылайык,
шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.
Ал эми аларды каттоо 12-мартта токтотулат. Добуш берүү 11-апрелде өтөт.