Өкмөт Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салды.
Бийлик мындай чара аркылуу өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгын жоюу ниетинде. Белгилеп кетсек,
жыл башынан тартып өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттап жатат. Баалардын жогорулашына
Россиядагы өндүрүш заводдорунда кое берилген баалардын көтөрүлгөнү себеп. Алсак, андан келген
бензиндин литри орточо эсеп менен 14 сомго кымбаттаса, дизелдик отун 8 сомго жогорулады.