Казакстан “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууга даярданууда

Казакстан “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууга даярданууда.

Мындай билдирүү эки өлкө башчылары ортосунда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, түйүндүн жабдуулары жаңыланып, 8 тилкелүү унаа жол курулду.

Иштер дагы эле уланууда. Анда паспорттук көзөмөл дагы күчөтүлөт. Макулдашууга ылайык,

коңшу өлкө түйүндү жакынкы аралыкта ачууга даяр, өз кезегинде биздин республика

дагы иштерди аякташы күтүлүүдө.  Белгилеп кетсек, түйүн аркылуу күнүнө 10 миң адам жана

миңден ашык унаа өтөт. Ремонттон кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсе көбөйөт.