Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы эмен эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы эмен эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек башкы архитектура ишканасы эс алуу

аймагын калыбына келтирүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгат. Долбоорго ылайык,

буйрутма берүүчү компанияны аныктоо үчүн муниципалитетке билдирүү жиберилди.

Эске салсак, буга чейин ордо калаа тургуну Эмен багындагы

тротуар бузулуп жатканына даттанган.