Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында экинчи орунда

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында экинчи орунда.

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдиргендей,

Аи-92 бензинин эң арзаны Казакстанда, литри 31 сом 30 тыйындан, Кыргызстанда 41 сом 50 тыйын болсо,

эң кымбаты Арменияда 60 сом 90 тыйындан. Жетекчи белгилегендей, өлкөдө жазгы талаа иштерине

карата күйүүчү майдын запасы жетиштүү деңгээлде. Кыргызстандан мунай продуктуларын

ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары экспорттоого тыюу салынган.