Өтмөк ашуусунда кыймылга чектөө киргизилди.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей,
кар калың жаап, көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, кырсыктарды алдын алуу максатында
Талды-Булак айылындагы пост жабылды. Учурда Өтмөк ашуусунда жол тазалоо иштери жүрүп жатат.
Өткөрүү түйүнү качан ачылары азырынча белгисиз