Улуу Британияда мышыктын айынан ылдам жүрүүчү поезд 3 саатка кармалды

Улуу Британияда мышыктын айынан ылдам жүрүүчү поезд 3 саатка кармалды.

Поезд Лондон-Юстон темир жол вокзалынан Манчестерге багыт алмак. Анын чатырына

мышык отуруп алып түшпөй койгондуктан, поезд убактылуу иштен чыгарылып, андагы

жүргүнчүлөр башка каттамга которулду. Темир жол үстүндөгү электр линиялары

мышыктын өмүрүнө коркунуч жараткандыктан, станциянын кызматкерлери

этияттык менен аны 3 саатта жерге алып түшүрүштү.