Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония аныкталды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония, 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Бишкектин жана Чүй облусундагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыкканда белгилүү болгон.   Аталган борбор билдиргендей, адистер камералардын толуп калганына, кармалган айрым… Кененирээк…

WhatsApp колдонуучуларын бир катар функциялардын өчүрүлүшү тууралуу эскертти

WhatsApp колдонуучуларын бир катар функциялардын өчүрүлүшү тууралуу эскертти. Бул 15-майдан тарта мессенджер жашырындуулуктун жаңы эрежелерине өтө турганына байланыштуу. Эгер колдонуучу бул саясатты кабыл албаса, функциялар өчүрүлот.   Алсак, бул учурда аудио чалууларды кабыл алуу, кат алмашуу мүмкүн болбой калат. Эске салсак, эрежелер 8-февралда эле күчүнө… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды алдыда 3 күндүк эс алуу күтүп турат

Кыргызстандыктарды алдыда 3 күндүк эс алуу күтүп турат. Эске салсак, быйыл 21-март, Нооруз майрамы жекшембиге туура келет. Бул күн кызыл даталарга киргендиктен, эс алуу күнү жылдырылат.   Демек, 5 күндүк тартип менен иштегендер 20-21-22-март катары менен эс алат. Иш жумасы Кыргызстанда 23-мартта башталат.

БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун бюллетениндеги текстти бекитти

БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун бюллетениндеги текстти бекитти. Жарандар негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдойбу же жокпу деген бир гана суроо берилет.   Документ буга чейин 3 окууда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Эске салсак, рейферендум  11-апрелге белгиленди. Бул күнү ошондой эле жергиликтүү кеңеш… Кененирээк…

Мамлекеттик карызды тейлөөгө январь жана февралда 5 миллион сомдон ашык жумшалды

Мамлекеттик карызды тейлөөгө январь жана февралда 5 миллион сомдон ашык жумшалды. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттын көбү тышкы береселерди жабууга багытталган.   Белгилеп кетсек, 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 954 миллион долларды түздү.   Аны тейлөөгө өлкө жыл сайын 30 миллиард… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет. Мэриядан билдиришкендей, аянтка боз үй тигилип, алты бакан селкинчек орнотулат. Иш-чара саат 10до башталат. Салтанаттын жүрүшүндө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү майрам менен куттуктайт. Андан кийин концерттик программа коштолот. Иш-чарада кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси да уюштурулат

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тез-татым түйүндөрү алынды

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тез-татым түйүндөрү алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан кафенин бастырмасы түшүндүрүү иштеринен кийин өз эрки менен алынды. Андан кийин  ушул эле көчөдө жайгашкан тамактануу түйүнү жабылды. Ошондой эле демонтаж иштери Молдо Нияз көчөсүндө жүрүп, мыйзамсыз күркөлөр чыгарылды

Казакстан Кыргызстанга учуучу аппараттарды сатуу ниетинде

Казакстан Кыргызстанга учуучу аппараттарды сатуу ниетинде. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, коңшу өлкө милициянын кайгуул кызматы үчүн 200 унаа, 250 автобус жана жеңил тик учактарды сатып алууну сунуштап жатат. Кеп техникаларды кайтарымсыз негизде берүү тууралуу болгон жок. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 миллиард сомго жогорулады

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 миллиард сомго жогорулады. Бул Америкалык валютанын кымбаттаганынан улам. Доллар менен тышкы карыздын реалдуу көбөйүшү 352 миллион 768 миң сомго жетти.  Ал ортодо америкалык валютанын учурдагы наркы 84 сом чегинен түшпөй турат. Январдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 954 миллион долларды… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 56 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 56 адам коронавирусту жеңип чыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, сакайгандар Бишкекте 26, Чүйдө – 15, Ошто — 1, Нарында – 2, Ысык-Көлдө – 12. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия башталгандан тартып 83 миң 980 адам ковидден айыкты.