Франциялык окумуштуулар аралыктан иштөөнүн артыкчылыгын жана терс жактарын аташты

Франциялык окумуштуулар аралыктан иштөөнүн артыкчылыгын жана терс жактарын аташты. Алардын маалыматына ылайык, 2020-жылы пандемиядан улам онлайн форматында иштеген кызматкерлердин саны 22 пайызга жогорулады. Оң жагы, ашыкча дабыштар жана тамактануу болбойт, ошондой эле жолго кеткен убакыт үнөмдөлөт. Бирок мындай режимде узак мөөнөттө иштөөнүн терс жактары да… Кененирээк…

Тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы референдумга катышуусу зарыл

Тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы референдумга катышуусу зарыл. Ушундай учурда гана ал өттү деп табылат, — деди novosti.kgге БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси Медина Кутбердиева. Эгерде добуш берүүгө 30 пайыздан аз шайлоочулар келсе, андан кийин Жогорку Кеңеш чара көрөт. Эске салсак, конституциянын жаңы долбоорун… Кененирээк…

Маданият — Жалал-Абад жолунун курулуш иштери жакынкы аралыкта жанданат

Маданият — Жалал-Абад жолунун курулуш иштери жакынкы аралыкта жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин жумуштар аба-ырайынын шарттарынан улам, жаан-чачынга байланыштуу токтотулган. Эске салсак, Маданият-Жалал-Абад жолу 27 калктуу конуштун 39 чакырым аралыгын басып өтөт. Ал эми оңдоло турчу тилкенин жалпы… Кененирээк…

«Мекен картасы» 1-сентябрдан тартып берилип башташы керек

«Мекен картасы» 1-сентябрдан тартып берилип башташы керек. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер Артём Новиков тиешелүү органдарга берди. Тиешелүү мыйзам былтыр августта күчүнө киргени менен азыркыга чейин аткарыла элек. Белгилеп кетсек, «Мекен карта»— бул чет элдик жарандыгы бар мекендештин  мамлекеттик маанидеги документи. Мыйзам күчүнө кирсе чет элдик… Кененирээк…

Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылат

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча өтө турган референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ал эми референдум тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйынтык белгиленген күндөн тартып 2 жума аралыгында белгилүү болот. Белгилеп кетсек, жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана жалпы элдик добуш берүүгө… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулар аныкталды

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулар аныкталды. Passioncenter билдиргендей, рейтингдин башында франциялык «Пари Сен-Жермен» клубунун форварды Клиан Мбаппе жайгашты. Анын трансфердик баасы 185 миллион еврого жетет. Экинчи жана үчүнчү орунду Англиялык премьер-лиганын оюнчулары Рахим Стерлинг жана Харри Кейн ээлейт. Аталган чабуулчулардын жылдык кирешеси 125 миллион еврого теңелет.

Япония Кыргызстанга 134 миң долларлык жардам көрсөттү

Япония Кыргызстанга 134 миң долларлык жардам көрсөттү. VB басылмасына дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, каражат Бишкек медициналык колледжине жабдууларды сатып алууга, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна оор техника алууга жана Чолпон-Ата шаарындагы суу системасын жакшыртууга багытталат. Сумма грант түрүндө келет, келишимге кол коюлду.

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Малдыбаев, Шакиров, Саманчин, Пархоменко, Садовый, Муса Жалил, Абдраев, Патриса Лумумба, Профсоюзный, Лев Толстой, Термечиков, Федоров, Малинова, Күрөңкеев Гагарин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Чүй, Эркиндик проспектилеринде электроэнергия жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан 550,5 миллион долларга 60 долбоорду ишке ашыруу ниетинде

Кыргызстан менен Өзбекстан 550,5 миллион долларга 60 долбоорду ишке ашыруу ниетинде. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, анын алкагында  Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү , логистикалык борбор жана бир катар өндүрүш ишканаларын куруу каралады. Белгилеп кетсек, «Жол картага» киргизилген долбоорлор мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт. Тараптар аркылуу кароо процессинде толукталып же… Кененирээк…