БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун бюллетениндеги текстти бекитти. Жарандар негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдойбу же жокпу деген бир гана суроо берилет.
Документ буга чейин 3 окууда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Эске салсак, рейферендум 11-апрелге белгиленди. Бул күнү ошондой эле жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт.