Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 миллиард сомго жогорулады

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 миллиард сомго жогорулады.

Бул Америкалык валютанын кымбаттаганынан улам. Доллар менен тышкы карыздын реалдуу көбөйүшү

352 миллион 768 миң сомго жетти.  Ал ортодо америкалык валютанын учурдагы наркы 84 сом чегинен түшпөй турат.

Январдын аягында мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 954 миллион долларды түздү,  сумманын 85 пайызы же

4 миллиард 221 миллион доллары тышкы береселер. Белгилеп кетсек, Кыргызстан быйыл январь жана

февралда 5,5 миллиард сомго карыздарды төлөдү.