Мамлекеттик карызды тейлөөгө январь жана февралда 5 миллион сомдон ашык жумшалды

Мамлекеттик карызды тейлөөгө январь жана февралда 5 миллион сомдон ашык жумшалды. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттын көбү тышкы береселерди жабууга багытталган.

 

Белгилеп кетсек, 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 954 миллион долларды түздү.

 

Аны тейлөөгө өлкө жыл сайын 30 миллиард сомго чейин жумшайт. 2025-26-жылдары бул сумма эки эсе көбөйөт деп болжолдонууда.