WhatsApp колдонуучуларын бир катар функциялардын өчүрүлүшү тууралуу эскертти

WhatsApp колдонуучуларын бир катар функциялардын өчүрүлүшү тууралуу эскертти. Бул 15-майдан тарта мессенджер жашырындуулуктун жаңы эрежелерине өтө турганына байланыштуу. Эгер колдонуучу бул саясатты кабыл албаса, функциялар өчүрүлот.

 

Алсак, бул учурда аудио чалууларды кабыл алуу, кат алмашуу мүмкүн болбой калат. Эске салсак, эрежелер 8-февралда эле күчүнө кирмек. Бирок коодонуучулардын көптөгөн сынынан кийин компания аларды жазга калтырган.