Лейлек районунун Кулунду айылында 28 миллион сомго жаңы оорукана пайда болот

Лейлек районунун Кулунду айылында 28 миллион сомго жаңы оорукана пайда болот. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имараттын курулуш иштери старт алып, пайдубалы түптөлө баштады. Жалпы аянты 510 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу имаратта хирургия, жандандыруу, дарыгерлер жана медайымдар үчүн, ошондой эле бейтаптар үчүн бөлмөлөр болот.… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо учурунда санитардык норманын сакталышын камсыздоо боюнча алгоритм иштеп чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо учурунда санитардык норманын сакталышын камсыздоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет. Алгоритм бир катар талаптарды камтыйт, аларды добуш берүүгө келген жарандын ар бири сактоого милдеттүү. Эске салсак, 28 шардык жана 420… Кененирээк…

Айдын аягына чейин бензиндин литри дагы 2 сомго кымбатташы ыктымал

Айдын аягына чейин бензиндин литри дагы 2 сомго кымбатташы ыктымал. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын баасынын жогорулашы – жалпы дүйнөлүк тенденция. Өзгөчө бул экономиканы калыбына келтирүүгө байланыштуу: күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашы, андан улам баалар… Кененирээк…

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өзүнүн жеке социалдык тармагын түзүү ниетинде

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өзүнүн жеке социалдык тармагын түзүү ниетинде. Твиттерге анын жардамчысы Джейсон Милнер жарыялагандай, Трамп соцтармакка өзүнүн платформасы менен эки-үч айдан кийин кайтып келет. Мындай чечимди ал Твиттер жана Фейсбуктагы баракчалары жабылып калгандан кийин кабыл алды. Өз кезегинде Трамп социалдык баракча миллиарддаган колдонуучуларын табаарына… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникул башталды

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникул башталды. Балдардын эс алышы 10 күнгө созулат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Сабактар 1-апрелден тартып башталат. Күтүлгөндөй, аталган күндөн тартып бардык класстын окуучулары парталарга кайтып келет. Бирок балдарда сабак учурунда беткап жана антисептиги болушу шарт.

Биометрикалык маалымат чогултуу боюнча калкты тейлөө борборунун көчмө түйүндөрү ишин жыйынтыктады

Биометрикалык маалымат чогултуу боюнча калкты тейлөө борборунун көчмө түйүндөрү ишин жыйынтыктады. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, мобилдик түйүндөрдөн 17 күн аралыгында 3 миңден ашык жаранга кызмат көрсөтүлдү. Андан биометрикалык маалымат тапшырылып, жашаган жери боюнча каттоого туруп паспорт алмаштырылды. Ведомстводон эскертишкендей, кыргызстандыктар өлкө боюнча калкты тейлөө борборуна… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19дан эмдөө ушул жумада башталышы мүмкүн

Кыргызстанда COVID-19дан эмдөө ушул жумада башталышы мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине республикалык имуннопрофилактикалык борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, бүгүн иммунизация боюнча илимий-техникалык тайпанын жыйыны болот. Ал жактан сунуштар берилет. Алгачкылардан болуп медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык жумушчулар, ички иштер министрлигинин, бажы жана чек ара… Кененирээк…

Кыргызстанда өсүмдүк майынын орточо баасы 70 пайызга жогорулап, литри 165 сомго жетти

Кыргызстанда өсүмдүк майынын орточо баасы 70 пайызга жогорулап, литри 165 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук Банктан билдиришти. Барынан кымбат май Нарында – 168 сом, Бишкекте жана Караколдо – 167 сом болсо, Ошто мындан бир сомго арзаныраак. Барынан арзаны Өзгөндө — 147 сом жана Кара-Балтада литри… Кененирээк…

Майами-Бич туристтердин агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШнын курорттук Флорида штатындагы Майами-Бич шаарынын бийлиги коронавирус пандемиясы учурунда эс алуусун деңиз жээгинде өткөрүүнү чечкен туристтердин агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.   Маалыматка ылайык, шаардык администрациянын башчысы Дэн Гелбер жашоочуларга кайрылуусунда буга чейин кырдаалды каалаган убакта тутанып кетиши… Кененирээк…

Лионель Месси «Барселона» клубу үчүн эң көп оюн өткөрүп, рекорд койду

«Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси клубунда эң көп оюн өткөрүп рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 22-мартта Испания Ла лигасында «Барселона» «Реал Сосьедад» клубу менен кез келип 6:1 эсеби менен жеңип алды.   Анда Месси атаандаштарына 2 гол киргизип айырмаланды. Бул оюн Месси үчүн… Кененирээк…