Кыргызстанда өсүмдүк майынын орточо баасы 70 пайызга жогорулап, литри 165 сомго жетти.
Бул тууралуу Улуттук Банктан билдиришти. Барынан кымбат май Нарында – 168 сом,
Бишкекте жана Караколдо – 167 сом болсо, Ошто мындан бир сомго арзаныраак.
Барынан арзаны Өзгөндө — 147 сом жана Кара-Балтада литри 148 сомдон сатылууда.