Айдын аягына чейин бензиндин литри дагы 2 сомго кымбатташы ыктымал.
Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасынын жогорулашы – жалпы дүйнөлүк тенденция. Өзгөчө бул экономиканы
калыбына келтирүүгө байланыштуу: күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашы, андан улам баалар да өсүүдө.
Күйүүчү майлоочу материалдын баасы апрелде кандай болору азырынча белгисиз.
Бул марттын аягында гана белгилүү болот.