Бишкекте, Ошто жана Кара-Суу, Ноокат, Өзгѳн райондорунун нотариустары алты күндүк иш жумасына ѳттү

Бишкекте, Ошто жана Кара-Суу, Ноокат, Өзгѳн райондорунун нотариустары алты күндүк иш жумасына ѳттү. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, эми жарандар жана юридикалык жактар ишембиде саат 3кө чейин нотариалдык кеңселерге кайрыла алышат. Ошондой эле айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча акы төмөндөтүлдү. Бааларды minjust.gov.kg порталына кирип көрсө болот. Кѳрсѳтүлгѳн… Кененирээк…

АКШда роботтун жаңы түрү пайда болду

АКШда роботтун жаңы түрү пайда болду. Boston Dynamics компаниясы түзгөн техника өндүрүш кампаларда иштөөгө жөндөмдүү. Ал ар түрдүү жүктөрдү, коробка жана ящиктерди көтөрө алат. Роботтун компьютердик көрүү жөндөмү бар болгондуктан кайсы жүктү көтөрүш керек экенин так аныктай алат. Күтүлгөндөй, мындай роботтор 2022-жылдан тартып сатыкка чыгарылат.… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды

Жети-Өгүз районунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды. Novosti.kgге аймак администрация билдиришкендей, анда 10 медицина кызматкери эмгектенип, жергиликтүү Дархан айылынын 7 миңден ашык калкына кызмат көрсөтөт. Долбоорду ишке ашырууга 11 миллион сомго тендер жарыяланып, курулуш иштери 2019-жылы башталган. Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бөлүп берген.

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Васильев, Тоголок Молдо, Правда, Киев, Майлуу-Сай, Тойгонбаев, Черноморск, Орозбеков, Мичурин, Целиноград, Саратов, Курманалиев жана Фрунзе көчөлөрүндө, «Бакай-Ата»,  «Көлмө» конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Өлкө бийлиги азык-түлүктүн запасын толтуруу чарасын көрөт

Өлкө бийлиги азык-түлүктүн запасын толтуруу чарасын көрөт. Тагыраагы, өсүмдүк майынын, 1-сорттогу ундун жана нандын баасын турукташтыруу боюнча ири соода түйүндөрү менен макулдашуу түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана каржы министрлигинин маалымат катчысы Нурила Батыралиева билдирди. Анын айтымында, тиешелүү макулдашуу 1-июнга чейин  күчүндө болот. Бул максатта… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Дархан айылында бала бакча пайда болду

Ысык-Көл облусунун Дархан айылында бала бакча пайда болду. Novosti.kgге жергиликтүү башкармалыктан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 70 орунга чакталат. Оңдоо иштерине 3,5 миллион сом багытталды. Сумма аймакты өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Белгилеп кетсек, аталган имарат мындан 40 жыл мурда курулган. Айылда бакчага муктаждык жаралгандыктан объекти толук… Кененирээк…

Баткенге коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргизилет

Баткенге коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык машыгуу өтөт. Анын алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2-апрелде кечки саат 8ден тартып, 3-апрель таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилет.… Кененирээк…