Өлкө бийлиги азык-түлүктүн запасын толтуруу чарасын көрөт.
Тагыраагы, өсүмдүк майынын, 1-сорттогу ундун жана нандын баасын турукташтыруу боюнча
ири соода түйүндөрү менен макулдашуу түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана
каржы министрлигинин маалымат катчысы Нурила Батыралиева билдирди. Анын айтымында,
тиешелүү макулдашуу 1-июнга чейин күчүндө болот. Бул максатта ведомство дээрлик
318,5 миллион сом бөлүп берди. Иштер күнүмдүк керектелүүчү товарлардын
наркын көтөрбөй, бир нукта кармап туруу максатында аткарылууда.