Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Васильев,
Тоголок Молдо, Правда, Киев, Майлуу-Сай, Тойгонбаев, Черноморск, Орозбеков, Мичурин,
Целиноград, Саратов, Курманалиев жана Фрунзе көчөлөрүндө, «Бакай-Ата», «Көлмө» конуштарында
электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.