Баткенге коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргизилет

Баткенге коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргизилет.

Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей,

Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык машыгуу өтөт.

Анын алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2-апрелде кечки саат 8ден тартып, 3-апрель таңкы 6га чейин

коменданттык саат киргизилет. Учурда аймакка коюлуп жаткан блок посттор жарандарды

текшербейт жана алардан эч кандай уруксат кагазы талап кылынбайт.