Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт.   “Бишкек суу каналы” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Күрөңкеев, Махатма Ганди, Баялинов, Мичурин, Москва көчөлөрүн, Дэн Сяопин, Жибек Жолу жана Манас проспектилерин бириктирген бөлүктө жок болот.   Бишкектиктерге сууну запастап… Кененирээк…

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия курулуп жаткан имараттардын бирине барып, иштер менен таанышты.   Алсак, коопсуздук техникасы сакталганы жана курулуштун сапаты текшерилди. Ошондой эле, объекттин кире беришинде санитардык нормалардын сакталышына көңүл бурулду. Эске салсак, Ош шаарында муниципалдык программанын… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуздук күч алды

Кыргызстанда жумушсуздук күч алды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, расмий түрдө иши жок адамдардын саны өткөн жылдын аягында 76 миң 700 адамды түздү.   Бул 2019-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 0,7 пайызга көп. Эң көп жумушсуз адамдар Жалал-Абад жана Ош облустарына туура келет. Эң аз Нарында. Иш… Кененирээк…

Кыргызстандын 30 миң доза россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу боюнча арызы канаттандырылды

Кыргызстандын 30 миң доза россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу боюнча арызы канаттандырылды. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, препарат өлкөгө ушул айдын аягына чейин жеткирилет деп күтүлүүдө. Вакцина 15 миң адамга эсептелген. Эске салсак, коронавирустан массалык… Кененирээк…

Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү

Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, Сиам эгиздери Одиша штатында операция жолу менен жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлар бир денелүү, үч колдуу жана эки буттуу. Учурда алар Каттактагы Сардар Валлабхай Пател атындагы Педиатрия институтуна атайын дарылануу үчүн которулду.

Чуй облусунун Озерное айылындагы жаңы мектептин курулушу уланууда

Чуй облусунун Озерное айылындагы жаңы мектептин курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө иштер 75 пайызга аткарылды, — дешти Мамлекеттик курулуш агенттигинен. Учурда полдорду, эшиктерди орнотуу, электр тутумдарын өткөрүү, ички тышкы жасалгалоо жана мекеменин аймагын жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Объекти 375 орунга ылайык. Долбоорду ишке ашырууга 1,5 миллион… Кененирээк…

“Арал” жана “Сосновка” өткөрүү түйүндөрүнө киргизилген чектөөлөр алынды

“Арал” жана “Сосновка” өткөрүү түйүндөрүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек – Ош жолуна унаалар аралыкты сактоо менен өткөрүлүп жатат. Эске салсак,  кечээ кечки саат 7ден тартып Жайыл жана Токтогул райондорундагы посттордо оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Ордо калаада Бишкек баатырдын айкели ачылды

Ордо калаада Бишкек баатырдын айкели ачылды. Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик Эркиндик жана Чүй көчөлөр кесилишине тургузулду. Анын скульптору Адил Сейталиев. Монументти тургузууга 8 миллион сомдон ашык жумшалды. Сумма марафондо чогултулган. Эске салсак, айкелдин ачылышын былтыр 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган. Бирок… Кененирээк…

Бишкекте №68-мектепке кошумча спорттук комплекс пайда болот

Бишкекте №68-мектепке кошумча спорттук комплекс пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялайт. Сметалык баасы 918 миң сомду түзөт. Андан тышкары, Токтоналиев көчөсүндө гандбол аянтчасын курууга сынак жарыяланат. Багыттала турчу сумма 1 миллион 169 миң сом. Долбоорлорго каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирусту жеңип чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Сакайгандардын көбү Бишкекке, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарына туура келет. Ушуну менен өлко боюнча пандемия катталгандан бери 86 миң 313 адам вирустан айыкты.