Кыргызстанда жумушсуздук күч алды

Кыргызстанда жумушсуздук күч алды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, расмий түрдө иши жок адамдардын саны өткөн жылдын аягында 76 миң 700 адамды түздү.

 

Бул 2019-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 0,7 пайызга көп. Эң көп жумушсуз адамдар Жалал-Абад жана Ош облустарына туура келет. Эң аз Нарында. Иш менен камсыз болбогондордун көбү эркектер, — дешти Улуттук статистика комитетинен.