Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 1-июндан баштап машыгууларын баштайт

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 1-июндан баштап машыгууларын баштайт. Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдиргендей, 30-майда курама чет өлкөгө учуп кетет. Команда кайсы өлкөгө барары азырынча белгисиз. Эске салсак, 7-15-июнь аралыгында команда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын Азия футбол конфедерациясы аймагындагы тандоо турунун алкагында Япония, Монголия… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 840 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 840 сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу сумма 13 пайызга өстү, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында көрсөткүчтүн эң жогорку көлөмү Ош облусунда, Бишкек, Ош шаарларында байкалды – 6 миң сомго жакын. Белгилеп кетсек, жашоо… Кененирээк…

Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 мектеп онлайн форматында иштеп жатат

Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 мектеп онлайн форматында иштеп жатат. Бул тууралуу  novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Окуучуларды аралыктан окутуу чечими аталган мектептерде ковидге кабылгандар чыкканына байланыштуу. Билим берүү мекемелеринде кырдаалга карата мониторинг жүргүзүлөт. Андан кийин, жыйынтыкка жараша ачылууга уруксаат берилет. Белгилеп кетсек, ордо калаада… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тартып балык улоого тыюу салынат

Кыргызстанда 1-майдан тартып балык улоого тыюу салынат. Бул тууралуу VB басылмасына “Чүй-Бишкек балык улоочулар” коомунан билдиришти. Чектөөлөр 1-июнга чейин күчүндө болот. Тыюу салуулар Ысык-Көл облусунда эртерээк башталат. Тагыраагы, балыктын түрүнө жараша 20-апрелден, 15-июлга чейин. Адистер браконьерликке каршы, айрыкча, урук берүү мезгилинде алдын алуу иштерин жүргүзүшү… Кененирээк…

Бишкекте шайлоого байланыштуу жабылган мектептер жана бала бакчалар бүгүнтөн тартып ачылды

Бишкекте шайлоого байланыштуу жабылган мектептер жана бала бакчалар бүгүнтөн тартып ачылды. Бул тууралуу novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин кадимки режимде окуп жаткан 7 класстын окуучулары парталарга кайтышты. Билим берүү мекемелеринде 12-13-апрелде мекемелерде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, демонтаждоо иштери Каркыра, Кадыр Аке, Леванев, Асаналиев, Түгөлбай-Ата, Армейский, Куйручук көчөлөрүндө, «Учкун» кичи районунда жана «Ак-Тилек» конушунда аткарылды. Аталган аймактардагы уруксаты жок орнотулган тосмолор, дубалдар, дарбазалар, күркө, контейнер жана унаа жуучу жай алынды. Мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү… Кененирээк…

Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жүргөн акчасы жок жарандарына материалдык жардам берет

Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жүргөн акчасы жок жарандарына материалдык жардам берет. Бул үчүн өзбекстандыктар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот. Өкүлчүлүк жарандын арызын жана башка документтерин, чет өлкөдө жүрүү шартын текшерет. Арызы канааттандырылган жаран өкүлчүлүк менен насыя келишимин түзөт. Тамак-аш, турак жай, кийим-кече жана транспорт акысы төлөнүп… Кененирээк…

Ордо каланын Фучик жана Рыскулов көчөлөр кесилишинде жаңы аялдама пайда болду

Ордо каланын Фучик жана Рыскулов көчөлөр кесилишинде жаңы аялдама пайда болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. “Бишкек асфальт сервис” жол инфраструктурасын жакшыртууда. Шаар боюнча тосмолорду жана бордюрларды сырдоо иштери башталды. Учурда жумуштар Байтик Баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинен Токомбаевге чейинки бөлүгүндө аткарылууда. Андан тышкары, ишкана капиталдык жана… Кененирээк…

Барынан кымбат азык-түлүк республика боюнча Ысык-Көл облусунда катталды

Барынан кымбат азык-түлүк республика боюнча Ысык-Көл облусунда катталды. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти. Кеп, үстүбүздөгү жылдын январынан мартына чейинки баалар тууралуу болуп жатат. Алсак, өлкө боюнча барынан көп кумшекер 19 пайызга, картөшкө, жумуртка жана жашылчалар 14 пайызга, өсүмдүк майы 9,5 пайызга жана эт, нан,… Кененирээк…