Мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов кармалды

Мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, чиновник кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шекшелип жатат. Алымкулов мэриянын кызматкерлерине үстөмдүк кылып, жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө каттаган. Башкы көзөмөл органынан белгилешкендей, мурдагы вице-мэр менен биргеликте улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери да кармалды.

Кыргызстанда быйыл күздө маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Кыргызстанда быйыл күздө маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият министри Кайрат Иманалиев билдирди. Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын Экономика жана каржы министрлиги эсептеп жатат. Ал эми учурда айрым театр, цирк жана китепканада иштеген кызматкерлердин маянасы 3 миң сомдон 10 миң сомго… Кененирээк…

Нарын шаарындагы бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт

Нарын шаарындагы бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт. Калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, чечимди шаардык эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссия чыгарды. Буга чейин бала бакчалар азык-түлүк менен камсыздалып, жылуулук берүү, санитардык нормаларды сактоо жана коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн. Даярдык иштерин атайын комиссия текшерип… Кененирээк…

Евро Биримдик Кыргызстанга 44 миллион евро бөлдү

Евро Биримдик Кыргызстанга 44 миллион евро бөлдү.  Бул тууралуу Уюмдун фейсбук баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, каражат COVID-19 менен күрөшүүгө багытталат. Эске салсак, буга чейин Евро Биримдиктен биздин өлкөгө коронавируска каржы вакцина жеткирилери айтылган.