Бишкектеги тарых музейи күзгө чейин ачылат

Бишкектеги тарых музейи күзгө чейин ачылат. Маданият министри Кайрат Иманалиев билдиргендей, музей Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көрүүчүлөргө эшигин ачат. Ага чейин оңдоо иштери жыйынтыкталат. Эске салсак, музейди калыбына келтирүү иштери 2016-жылы башталган. Музейди оңдоо эки баскычта аткарылды. Биринчи этапта объектинин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып,… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 88 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 88 адам ковидди жеңип чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, сакайгандар Бишкекте 46, Чүйдө 32, Жалал-Абадда 4 жана Ош шаарында, Ысык-Көлдө 3төн. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгандан бери 84 миң 897 адам ковидден айыгып чыкты

“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилди. Novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ кечтен тартып аталган пункттарда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды. Чектөөлөр ырайынын шарттары жакшырганда алынат. Анын ортосунда жеңил унаалар эч тоскоолдуксуз аралыкты сактоо менен жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 9га чейин чектөөлөр Күреңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельск, Жибек Жолу проспектисинде жана Жаш Гвария бульварына тиешелүү болот. Суунун убактылуу жок болушу оңдоо иштерине байланыштуу

Токиодо өтө турган Олимпиадага жолдомо алуу үчүн ат салыша турган балбандардын тизмеси аныкталды

Токиодо өтө турган Олимпиадага жолдомо алуу үчүн ат салыша турган балбандардын тизмеси аныкталды. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасына  14 балбан кирет. Спортчулар лицензия  үчүн Алматыда өтө турган “Азия” аймагындагы оюндарда күч сынашат. Турнир 9-апрелден 11ине чейин уюштурулат. Белгилеп кетсек, учурда Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына… Кененирээк…

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн таңдан тартып Талас облусунун Талды-Булак айылында блок-пост иштеп баштады. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот. Мындай чаралар катуу жааган карга байланыштуу, жолдордо көрүү жана кыймыл татаалдангандыктан… Кененирээк…

Бишкекте коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыктан айрым объектилер жабыла баштады

Бишкекте коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыктан айрым объектилер жабыла баштады. Бүгүнтөн тартып соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянттары ишин токтотот. Чектөөлөр 2 жумага, 14-апрелге чейин күчүндө болот. Белгилеп кетсек,  ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал начарлагандыктан базар, соода аянттарында жана коомдук унааларда санитардык талаптар, беткап тагынуу режими күчөтүлдү. Ошондой… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Акиев, Киев, Фрунзе, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Турусбеков көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда, Ала-Арча жана Чоң-Арык айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт

Кыргызстандыктар майда канча күн эс алат?

Кыргызстандыктар майда канча күн эс алышарын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен айтып беришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, 5 жана 9-май иш күндөрү эмес. Улуу Жеңиш күнү дем алышка туура келгендиктен 10-май, дүйшөмбүдө кыргызстандыктар жумушка чыгышпайт. Белгилеп кетсек, 1-май эмгек күнү дагы өлкөдө кызыл датага кирет. Бирок… Кененирээк…

Бишкекте веложарышка байланыштуу жолдордо кыймыл татаалданат

Бишкекте веложарышка байланыштуу жолдордо кыймыл татаалданат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, спортчулардын таймашуучусу ушул жекшемби, 4-апрелде өтөт. Старт Ден-соолук эс алуу багынан башталып, Токтоналиев көчөсүндөгү эс алуу багынан токтойт. Шакекче түрүндөгү тилкенин узундугу 10 чакырымды түзөт. Жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн милиция жана тез жардам унаалары коштойт.… Кененирээк…