Нарын шаарындагы бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт

Нарын шаарындагы бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт.

Калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, чечимди шаардык эпидемияга жана

эпизотияга каршы комиссия чыгарды. Буга чейин бала бакчалар азык-түлүк менен камсыздалып,

жылуулук берүү, санитардык нормаларды сактоо жана коргонуу каражаттары менен камсыздоо

иштери жүргүзүлгөн. Даярдык иштерин атайын комиссия текшерип чыкты. Эске салсак,

шаардагы бала бакчалар бир жыл мурда коронавирус илдетинен улам карантинге жабылган.